Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жоокердин саламаттыгына кайдыгер караган жетекчилерге нааразы ата-эне прокуратурага кайрылышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан аскер бөлүктө эмгектенген аскер кызматкердин саламаттыгына кайдыгер мамиле жасалды деген жүйөө менен анын жакындары облустук аскер прокуратурасына кайрылышты, деп билдирди аймакты кабарчы.

Алардын айтымында, ооруп ооруканага түшкөн Нарынбек Султаналиев Көк-Жаңгактагы №52870 «Илбирс» аскер бөлүктүн радиотелефонист кызматын 7 жылдан бери аркалап келген. Ал ушул жылдын 24-январынан 29-январына чейин санитардык бөлүктө жаткан. Бирок ал жерден анын саламаттыгы жакшы каралган эмес.

«Беш күн санитардык бөлүктө катуу ооруп, кусуп өзүмдү жаман сезип жаттым. Ал жердеги дарыгерлер мага анализ чыгарбай эле ийне сайышты. Ошондон кийин гана мен өзүмдү жаман сезе баштадым. Ашказаным, өтүм, боорум ооруп, бөйрөгүмдүн катуу ооруганы күчөй баштады. 29-январда өзүмдү жаман сезип, шаарга ооруканага келип текшерилдим. Анализдеримди текшертип, УЗИге түштүм тез арада ооруканага жатуумду айтышты. Андан кийин ооруканага жатсам, түштөн кийин капитан телефон чалды. Ага ооруканада жатканымды билдирдим. Ооруп жаткан тастыктоочу маалымдама керектигин айткандыктан, ошол күнү кечки алтыда ийнемди алып, мөөнөттөгү дарыгерден 2 саатка уруксат сурап, Көк-Жаңгакка бардым. Ал жакка барсам, "айтпай кетип калганың үчүн" деп жаза иретинде санитардык бөлүккө камап койду. Кечки саат 8 жарымда ооруканадагы мөөнөттөгү дарыгер мага коңгуроо кылып, кайда экенимди сурады.

Мен даарыланып жатканымды айтсам эч ким мени уккан жок. Ошентип, 29-январда күнү-түнү менен бөйрөгүм катуу оорутуп чыкты. 30-январь күнү түштөн кийин гана менин катуу ооруп жатканымды көргөн капитан мага рапорт жазып берди. Кайрадан шаарга келсем, менин ордум бош эмес экен. Дарыгерге жолуксам, ийне, дарыларымды үйдөн ала беришимди айтты. Дарылануу үчүн Ошко госпиталга жөнөгөм. Бирок автобекетке барсам, кайрадан бөйрөгүм катуу ооруп баштады. Эптен ооруканага бардым. 31-январдан бери облустук оорукананын урология бөлүмүндө дарыланып жатам», - деди ал.

Дарыгер-уролог Адыл Юлдашевдин айтымында, Н.Султаналиев ооруканага жаңы келген учурда абалы оор болгон.

«Биз биринчи жардамды көрсөттүк, УЗИге түшүрүп, анализдерин алып, диагнозун чыгардык. Учурда оорулуунун абалы бир кыйла жакшы болуп калды. Буга чейин Нарынбектин иштеген жеринен командирлери келип, аны алып кетишерин айтышкан. Бирок биз оорулуунун абалы оор экенин жана анын өмүрүнө ким жооп берерин айтып алып калганбыз», - деди ал.

Аскер кызматкердин апасы Акинова Сайракан баласына жасалган мындай мамилеге нааразы экендигин жана мекен үчүн кызмат кылууга жан үрөгөн уулун басынткандар жооп бериши керектигин билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2802
Көп окулду
×