Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.02.2018 17:21

Токтогул суу сактагычы үчүн жер которгон элеттиктер таза суу маселесин көтөрүштү фото)

Turmush -  Кечээ, 8-февралда Токтогул районунда элдик жыйын өтүп, суу сактагычтын алдынан көчүп чыккан элеттиктер таза суу маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Элдик жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, таза суу көйгөйүн айткандар арбын болду.

Жыйында белгиленгендей, Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылында 8 миңге чукул калк жашайт. Аталган айылда агын суу да жок. 600 гектарга ылайыкташып насостун жардамы менен суу жеткирилген, бирок 1000 гектардай жер өздөштүрүлүп, насостун суу жеткирүү кубаттуулугу жетпей калды.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Бакытбек Чороевдин айтымында, жай мезгилинде көп кыйынчылыктар болууда.

«Биздин айылда агын суу деген жок. Насостун жардамы менен араң суу ичебиз. Акыркы жылдары суу убагында чыкпай, убара тартып жатабыз. Жай мезгилинде насос бузулуп, 3-4 күн таптакыр суу жок кыйналдык. Бизге суу жеткирген насосторду оңдоп бербесеңиздер жай мезгилинде суусу жок калганы турабыз», - деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Мындан сырткары ушул эле аймактагы Ак-Тектир айылында айылга суу кетүүчү башкы булактын айланасын тосмолоо зарылдыгы, калк саз жыттанган суу ичип жатышканы айтылды.

Ал эми Торкент айыл аймагында 2 миңге жакын калк суу ичкен насостук станциядагы трансформатор жарылып, 3 күндөн бери калк 2-3 чакырымга чейинки аралыктагы булактардан ат, эшектер менен суу ташууга мажбур болушууда.

Торкент айыл өкмөтүнүн башчысы Шайлоо Жуматаев: «Трансформаторду июнь айында эле оңдотуп келгенбиз, дагы бузулуп калды. Райондо оңдоо мүмкүн эмес экен. Калк ар кайсы булактан суу ташып ичип жатышат. Акчасын деле төлөп беребиз, эртелетип оңдоп берсеңиздер», - деп «Жалал-Абад электр» ААКтын жетекчилигине кайрылды.

Жыйында жыгач устундардын эскилиги жетип, кооптуу абал жаралган жерлерге көз салуу зарылдыгы, авариялык мектептердин абалы, бала бакчалардын жетишсиздиги да айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков калк көйгөйүн угуу үчүн келишкенин, айтылган маселелер протоколго түшүрүлүп жатканын белгиледи.

«Айтылган маселелер иргелет, жергиликтүү бийлик чече ала турган маселелер боюнча өзүбүз иш алып барабыз. Биздин күчүбүз жетпеген көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирип, калк көйгөйүн чечүүгө болгон кадамдарды жасайбыз», - деди Ы.Ызабеков.

Маалым болгондой, Торкент айыл аймагынын башчысы көтөргөн маселе жыйындан кийин каралып, адистердин кийлигишүүсү менен трансформатор оңдолду. Муну менен Торкент айылынын элинин көйгөйлүү маселеси чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×