Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.02.2018 12:37 Жаңыланды: 09.02.2018 17:03

Айыл турмушу: Кагаздан оригиналдуу гүл жасаган аксылык Санжар 101 розаны 3 миң сомго сатат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну Санжар Сагынбек уулу кагаздан ар кандай гүлдөрдү жасап, кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде билим алат.

«Мен 4 жыл мурда ОшМУнун Бизнес жана менежмент факультетине окууга киргем. Ошко жаңы келгенимде эле гүл жасоону интернеттен карап үйрөнүп алдым. Алгач бир агам сүйгөнүмө гүл берем деп 101 гүл жасаткан. Ошондо алгач жасап, ишим натыйжалуу болгон. Кийин тааныштарга гүл жасап берип бир аз тыйынын алып, өз өнөрүмдү өркүндөтүп, гүл жасоону мыкты өздөштүрүп алдым», - деди ал.

Санжар учурда 21 жашта. Ал гүл жасоо көп мээнетти, убакыт талап кылынарын белгилейт.

«Гүл жасоо оор иш. Ага кылдат мамиле кылуу керек. Эгер туура эмес кылсаң бузуп алышың мүмкүн. Гүл кагаздардан жасалгандыктан ал атайын клей аркылуу бириктирилет. Кагаздан жасалган гүл атайын тактайчаларга бекемделет. Мага көбүнчө сүйгөнүмө берем деп 101 роза гүлүн жасатышат. 101 гүлдү жасоого кеминде 3 күн убакыт кетет. Жакын тааныш агаларыма гүлдү 1000 сомго жасап берем. Ал эми тааныбаган адамдарга 3 миң сом. Учурда колум бош убакытта гүл жасап киреше табам», - дейт С.Сагынбек уулу.

Ал учурда жатаканада жашайт. Ага жаз мезгили жакындаган сайын гүлгө буйрутма берген кардарлар көбөйүп жатат.

«Жыл сайын эле жаз мезгили келгенде гүл жасап бер деген кардарлар көбөйөт. Учурда гүл жасаткандар арбыды. Кардарларым кызыл, ак түстөгү роза гүлдөрүн жасатышат. Ар ким өзүнүн табитин айтып, буйрутма беришет. Кардарлардын буйрутмасына жараша гүл жасап берем. Көбүнчө роза гүлдүн кызылын жасатышууда», - деди ал.

101 роза гүлүн жасоого атайын кагаздар алынат. Кагаздар үчүн 500 сомдой акча коротулса, тактайчалар өсүп турган өсүмдүктөрдөн алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×