Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 08.02.2018 14:09

Эл ичи — өнөр кенчи: 25 жаштагы ырчы Н.Раимбеков алгачкы музыкалык билимин Россиядан алган (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарында туулуп, ошол жерде өскөн Нурсултан Раимбеков музыкалык билим алуу үчүн Россиянын Сочи шаарында жашаган. Учурда ал чыгармачылык менен алектенип, элге ырчылык өнөрүн тартуулап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурсултан үй-бүлөдө 3 бир тууган. Атасы Раимбек учурда 50 жашта. Өз учурунда аккордеон менен ырдачу. Ал эми апасы Лида жеке ишкерлик менен алектенет.

Нурсултан Мырза-Аке айылындагы Мамат Нурбаев атындагы орус мектепте 6-класска чейин окуган. Андан соң 7-классты Камилжан Райымбеков атындагы мектеп-гимназиясында уланткан. 8-класстан баштап Россиянын Сочи шаарындагы №7 мектебинде окуган. Ошол жакта музыкага кызыгып, 17 жашынан тарта вокал боюнча сабакка катышып баштаган. 17 жашында биринчи жолу сахнага Адлер шаарында бүткүл Россиялык жаш таланттардын сынагында лауреат болгонун айтты.

2012-жылы Бишкек шаарына келип, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториядан билим алып, 2017-жылы эстрада бөлүмүн аяктаган. Учурда жеке ырчы жана чыгармачыл инсан катары элге талантын тартуулап жатат.

«Ырларым көп, бирок коомчулукка таанылып чыкканы аз эле. Өзүм ыр жазып, обон жаратам. Чыгармачылыкка бала кезден кызыгам. Учурда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп келем. Талант атам жактан келсе керек. Атам аккордеон тартып, ырдачу. Чет мамлекеттерде болгон ири сынактарга, фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды алып келем. Келечекте дагы көптөгөн сынактарга катышып, Кыргызстандын атын чыгаргым келет», - деди Н.Раимбеков.

Нурсултан 2017-жылы Казакстанда өткөн «I m a singer Kazakhstan» музыкалык долбоорунун катышуучусу. Учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×