Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Сузакта «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы И.Л., 41 жаштагы К.У., 55 жаштагы Д.Ш. жана 45 жаштагы К.У. колго түшүрүлдү. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда диний экстремисттик уюмдун материалдары табылып алынды.

Алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×