Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Кара-Көлдө дарыгерлер үчүн курулуп жаткан турак жайды толук бүтүрүп берүүнү өтүнүшүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында дарыгерлер үчүн курулуп жаткан 8 батирлүү турак жайды толугу менен бүтүрүү зарыл. Бул тууралуу 7-февралда өткөн элдик жыйында Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун башчысынын орун басары Данияр Жунусов билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган турак жай 2013-жылы шаардык оорукананын айланасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен курулуп башталган. Ага 1 млн 660 миң 800 сом бөлүнгөн. Куруу иштеринин 1-этабында үйдүн пайдубалы, кыштан төрт дубалы тургузулган. Тендердин жыйынтыгы менен турак жайдын курулушунун 1-этабы бүткөрүлгөн.

Бул имаратты толук бүтүрүү үчүн 6 млн 242 миң 257 сомдук смета түзүлгөн. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоо, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында жаш дарыгерлерди ишке тартууда жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө аталган турак жайды толук бүтөрүү үчүн 4,6 млн сом акча каражаты зарыл болууда. Бул жаатта Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн, бирок жооп келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×