Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Кар көчкү түшкөн Красная Горка – Ак-Таш унаа жолу тазаланды

Turmush -  Кечээ, 7-февралда Чаткал районундагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 12:30 чамасында жолдун 7-чакырымында болжол менен 700 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес. №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, саат 13:20да унаа жол толук ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×