Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 08.02.2018 09:21

Кар көчкү түшкөн Казарман — Ак-Тал-Чат жолу бир тараптуу ачылды

Turmush -  Казарман — Ак-Тал-Чат унаа жолунун 93-82-чакырымдарында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ, 7-февралда саат 23:40 чамасында аталган жолдун 93-чакырымына 900 метр куб, бүгүн 8-февралда саат 03:40 чамасында 82-чакырымына 1800 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес. Кар көчкү түшкөн жерге №18 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 4 жумушчу тартылып, саат 07:00дө унаа жол бир тараптуу ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×