Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Тагдыр: 8 жашынан бери жалданып иштеп жүргөн Аброр ата-энесин, туугандарын издейт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы 24 жаштагы Аброр Рахматуллаев ата-энесин жана жакын туугандарын издөөдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, анын атасы менен апасы ажырашкандан кийин апасы менен Өзбекстанга барган. Кийин Андижан көтөрүлүшү учурунда апасы дайынсыз жоголуп, ал Кыргызстанга качып өтүүгө аргасыз болгон. Ал Өзбекстанда 2 жыл жүрүп, Кыргызстанга кантип качып келгенин айтып берди.

«Атам менен апам Шамалды-Сай шаарчасында жашап турган мезгилде ажырашып кетишти. Мен апам менен Өзбекстанга кеттим. 2 жыл ал жакта жашаган соң Андижан көтөрүлүшүндөгү тополоңдо апамды жоготуп алдым. Кайда барарымды билбей, Кыргызстанга качып келүүнү ойлодум. Ошол учурда мени 2 тааныш агам Кыргызстанга алып өттү. Алгач Бишкек шаарына барып, 1 жыл иштеп, андан соң түштүк аймакка жумуш аркылуу келип калдым. Ошондон бери ар кайсыл жерлерде жалданып иштеп жүрөм. Ата энемден дайын жок», - деди Аброр.

Ошондой эле, ал 18 жашка толгондон бери Кыргызстандын жарандыгы тууралуу паспорт ала албай жатканын, бир нече жолу тиешелүү жерлерге кайрылганы менен жыйынтык чыкпаганын айтат.

«Мен ата-энемди таппай калгандан кийин көп кыйынчылык көрдүм. Ата-энем, жакын туугандарым жок болгондуктан менин документим да жок. Азыр паспорт алуу үчүн көйгөй жаралып жатат. Колумда туулгандыгым тууралуу күбөлүгүм бар. Бирок 18 жашка чыккандан кийин Кыргызстандын паспортун ала албай жатам. Учурда ишке орношоюн десем документиң жок деп ишке алышпайт. Ар кайсыл адамдардын колунда жалданып иштеп, күн кечирип жатам. Айрым адамдар паспорт алып берем деп акча алып, бирок алдап кетишти. 10 миң сомго чейин акча берген учурларым болду. Айрымдары паспорт алып берүүнү убада кылып, кара жумуштарын жасатчу. Учурда Аксы районунда ар кайсыл жерлерде баш калкалап жатам», - дейт ал.

Аброр Рахматуллаев Өзбекстандан Кыргызстанга качып өткөндө болгону 8 жашта болгон. Ошол күндөн тартып ал жалданып иштеп келгенин белгилейт. Ал ата-энесинин Кыргызстанда жашаган жакын туугандарын издегени менен таба алган эмес.

«Атам жашап турган Шамалды-Сай шаарчасындагы үйгө баргам. Бирок атам үйдү сатып кетиптир. Кийин сураштырсам ал Германияга кеткен деген маалымат айтылды. Андан кийин апамдын Жалал-Абад шаарында жашаган туугандарын издедим. Алар дагы Кыргызстандан чыгып кеткен экен. Азыр менин бир дагы жакын тууганым жок. Дайынсыз жоголгон апамды кайда экенин сураштырсам, Москвада деп болжолдошту. Бирок ал дагы анык эмес. Эгер паспортум болсо жакын туугандарымды издеп тапкым келет», - деди А.Рахматуллаев.

Аброр учурда Аксыда тааныш агаларынын үйүндө жашап жатат. Ал устачылык менен компьютерди жакшы өздөштүргөнүн белгиледи. Апасынын аты Лена болсо, атасын Равшан деп аташчу. Алар орус улутундагы адамдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4334
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
dandia81
01:21, 10 февраля 2018
начар бала - псих.портрет. злой. меркантильный, книг не читает.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×