Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Кара-Көлдө күйүүчү май ташыган унааларга коюлган чектөөлөргө байланыштуу текшерүү жүрөт

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагында 6-февралдан тартып күйүүчү май ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу №30 жол тейлөө ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү күйүүчү май ташуучу унааларга Бишкек—Ош жолунда саат 21:00дөн баштап жүрүүгө чектөө коюлгандыгына байланыштуу жүргүзүлүүдө. Анда Ошко келе жаткан күйүүчү май ташуучу унаалар Бишкек—Ош жолунун 394-чакырымында жайгашкан «Кара-Көл» тосмосунда, ал эми Бишкекке келе жаткан күйүүчү май ташуучу унаалар Токтогулдун «Арал» тосмосуна токтотулуп, жайгаштырылат.

Мындай иш аракеттер түнкүсүн күйүүчү май ташуу кооптуу болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай жагымсыз жагдайды жараткан жол кырсыктарын болтурбоо, анын алдын алуу максатында жүзөгө ашырылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×