Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Чаткалда аял мугалимдер волейбол мелдешине түштү

Turmush -  Чаткал районунда аял мугалимдер ортосунда волейбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчү командалар сыйланды. Бул тууралуу акимиаттан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп мугалимдери арасында өткөн мелдешке 10 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду Айгыр-Жал айылындагы М.Исмаилов орто мектебинин мугалимдери ээледи, ал эми 2-орунду Каныш-Кыя айылынын командасы алса, 3-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалимдери жеңип алды.

Жеңүүчү командаларга баалуу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 732
×