Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.02.2018 08:45

Бишкек—Ош жолунда 37 тонна бензин жүктөп бараткан «Хово» унаасы жолдон чыгып кетти

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 364-чакырымынын Көк-Бел ашуусундагы тилкесинде «Хово» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01KG716АА) күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, кыйгачынан туруп калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 6-февралда саат 14:45 чамасында катталган. Унаада 37 тонна бензин болгон. Жерине ӨКМдин Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жана №30 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, бензинди башка күйүүчү май ташыган унаага насос аркылуу куюшуп, 7-февралда саат 02:40да унааны жолго сүйрөп чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×