Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Кара-Көлдө акыркы 15 күндө жүздөн ашык адам сасык тумоого кабылды

Turmush -  Кара-Көл шаарында акыркы 15 күн ичинде сасык тумоого 133 адам кабылды. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору А.Ырысбеков билдирди.

Анын айтымында, катуу суук күндөрү сасык тумоо боюнча абал туруктуу болду.

«Суук башталганда сасык тумоо менен кайрылган бейтаптар бир аз көбүрөөк болгону менен кийин абал турукташып калды. Маселен, 20-январдан 5-февралга чейин 133 учур катталды. Тайып жыгылып, жараат алган эки адам кайрылып, аларга тийиштүү медициналык жардам берилди. Тоңуп же үшүк алып түшкөндөр болгон жок», - деди А.Ырысбеков.

Ал эми шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, быйыл сасык тумоо оорусу былтыркы жылга салыштырмалуу 226 учурга аз катталган.

«Ушул жылдын январь айында 206 адам сасык тумоо менен катталып, басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинкилер түзгөн. Былтыр сасык тумоодон 1 адам каза болсо, быйыл мындай учур катталган жок», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Токтогул ГЭСтер Каскадына караштуу жылуулук камсыздоо цехинин кызматкеринин маалыматына караганда, катуу суук учурунда аба ырайынын температурасы - 11 градуска жетип, шаар калкына жылуулук талаптагыдай берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 459
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×