Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Базар-Коргондун борбордук базарында өрттүн алдын алуу боюнча машыгуу өттү (фото, видео)

Turmush -  Кечээ, 5-февралда Базар-Коргон районунун борбордук базарында өрттүн алдын алуу боюнча машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгууга Мамэкотехинспекциянын райондук бөлүмү, милиция кызматынын, оорукананын, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Анын алкагында базардын ичине өрт өчүрүүчү унаанын кирүүсүнө тоскол болгон жайлардын ээлерине жана базарда отурган соодагерлерге тез аранын ичинде жолду ачуу тапшырмалары берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×