Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атадагы үйдөн 3 адамдын денеси табылды (толукталды)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү турак үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар бүгүн, 5-февралда эртең менен истүү газга ууланып көз жумган.

Маркумдардын өздүгү такталып, 1953-жылы туулган К.Ж., 1966-жылы туулган А.С. жана 1960-жылы туулган К.Г. экени аныкталды. Денелер өлүк сактоочу жайга жеткирилип, окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, үй ээсинин 1988-жылы туулган кызы ата-энесинен кабар алуу максатында үйүнө барган. Үйдү эч ким ачпай койгондуктан кошуларынын жардамы менен эшикти ачып кирген. Алар үйдүн ичинде газдын жыты бар экенин сезишкен жана мештин түтүгүнүн уланган жери ачык калгандыгын көрүшкөн.

Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон атуулдардын туугандары эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2147
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×