Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдөгү жол кырсыктан 2 адам жаракат алды

Turmush -  Таш-Көмүр шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыр тартты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 541-чакырымында бүгүн, 5-февралда саат 02:00 чамасында болгон. Жаракат алган адамдар ооруканага жеткирилди. Алар:

- 1979-жылы туулган Ж.Бакыт, Таш-Көмүр шаарынын тургуну (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган);

-1984-жылы туулган К.Феруза, Таш-Көмүр шаарынын тургуну (бутунун сөөктөрү сынган).

Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, жол кырсык фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×