Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Жалал-Абад

Кара-Көлдө «Балдарга кубаныч тартуулайбыз» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Балдарга кубаныч тартуулайбыз» акциясы болуп өттү. Бул тууралуу «Мүрөк-к» коомдук бирикмесинин ыктыярчысы Мэлис Чилетиров билдирди.

Анын айтымында, акцияга жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн 5 жаштан 15 жашка чейинки 30 бала катышты. Акциянын алкагында балдарга түшкү тамак берилип, муз тебүүчү аянтчада көңүлдүү эс алуу уюштурулду. Ошондой эле, ар бир балага таттуу белектер тапшырылды.

«Балдар абдан кубанышты. Ушундай акцияларды дагы уюштуруп турууга сөз бердик. Биздин фонддун максаты — балдардын маанайын көтөрүп, көңүлүн ачуу, алар үчүн бардык керектүү шарттарды түзүп берүү, ден соолугунун туура калыптанып, өсүшүнө көмөк көрсөтүү», - деди М.Чилетиров.

Акция «Мүрөк-к» коомдук бирикмеси жана кайрымдуу атуулдар тарабынан каржыланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 688
×