Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 05.02.2018 09:10

Акыркы суткада өлкө аймагында 14 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 16 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарында унаа оңдоочу жайдын жанында «Мерседес-Бенц 220» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Адамдар жаракат алган эмес. Электр зымдарынын кыска туташуусу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн Сузактын Ырыс айыл аймагындагы Күмүш-Азиз айылында жайгашкан 70 чарчы метр аянттагы үй толугу менен өрттөнгөн. Адамдар жаракат алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×