Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Кара-Көлдө улуу жана жаш муундагы мугалимдер арасында спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназияда спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдеш ден соолукту жана жамааттар арасында ынтымакты чыңдоо, сергек жашоону даңазалоо максатында өткөрүлүп, ага улуу жана жаш муундагы мугалимдер катышты. Мелдеш эки бөлүктөн өтүп, биринчисинде жаш мугалимдер эки тайпага, экинчи бөлүгүндө улуу муундагы мугалимдер эки тайпага бөлүнүп алып күч сынашты. Эки муундун мугалимдери саламдашуу, шамдагайлар, топ менен чуркоо, топ жана жыгач менен чуркоо, боулинг тизүү жана аны жыгуу, топ менен упай топтоо боюнча жарышты.

Жыйынтыгында жеңүүчү болгон топторго грамоталар ыйгарылып, эмгеги сиңген дене тарбия мугалимдери менен жаш адистердин ишиндеги артыкчылыктар белгиленди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1212
×