Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Чаткалдын Каныш-Кыя айылынын эли медицина кызматкерлери жетишсиздигин айтышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар медицина кызматкерлери жетишсиз экенин айтып чыгышты. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, тургундар айыл өкмөт борборундагы ФАПта медицина кызматкерлери жетишсиз экенин айтып, бул көйгөйдү тез арада чечип берүүнү суранды.

Ал эми Канжар Эшалиев баштаган район жетекчилиги жыйынга катышып жаткан элге тез арада медицина кызматкерлеринин саны көбөйтүүнү убадалады. Анда Чаткал районунун эсебинен 27 студент жогорку окуу жайда окуп жатканын, аларды ишке тартуу аракети көрүлөрүн билдиришти.

Элдик жыйында айыл өкмөттөгү көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору да талкууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1080
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×