Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Маркумдун эки уулу Россияга кетип, өзү жалгыз жашачу: Сузакта мугалим аялды өлтүргөн шектүү кармалды (видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-январь күнү Сузак районунун айыл аймактарынын биринде 1966-жылы туулган Б.А.нын (аял киши) зомбулук менен өлтүрүлгөн денеси өз үйүндө табылган. Анын туугандары окуя тууралуу Сузак РИИБдин милиция кызматкерлерине билдиришкен.

Маалыматта белгиленгендей, алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам топ жана тергөөчүлөр окуя болгон жерден кийимдин бөлүгүн табышкан. Ал эркек кишиге таандык экени аныкталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери шектүү катары аталган райондун 1965-жылы туулган тургуну Б.Р.ны кармашты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү мас абалда маркумдун үйүнө барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, денесине зыян келтирген. Үй ээси алган жаркатынан улам көп узабай каза болгон.

Оор кылмыш боюнча топтолгон материалдардын негизинде Сузак РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, бул кылмыш иш Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисинин көзөмөлүнө алынды.

Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

Окуя тууралуу:

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А. өзүнүн үйүндө 2018-жылдын 27-январында киши колдуу болуп каза болгон.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери С.Жээнбеков атындагы орто мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып түнөсө, кээде жакындары анын үйүнө келип турушчу. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан.

С.Жээнбеков атындагы мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Алымкан Рыскулованын айтымында, маркум ишине жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Башталгыч класстарга сабак берип, 3-классты окутуп жаткан.

«Мен ал инсанды 1996-жылдан бери кесиптеш жана кошуна катары жакшы билем. Башталгыч класстарга сабак берчү. Ишине так, жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Айтканыңды ашыра аткараар эле. Мектепте эч ким менен пикир келишпестикке да барган эмес. Сабырдуулук менен мамиле жасачу. Бир ушак сөз сүйлөп, кимдир бирөөнү жамандаганын көргөн эмесмин. Жумушун сүйгөн кесиптешибизден айрылып, биз да кабыргабыз кайышып отурабыз», - деди ал.

Анын айтымында, мектептеги окуучулар суукка байланыштуу 26-январда таратылган. Андан кийин мугалимдерге чогулуш болуп, жамаат тарап кетишкен. Бул күнү А.Б. тийиштүү иш кагаздарын тапшырган соң үйүнө кеткен эле.

«Ал башталгыч класстардын усулдук бирикмесин жетектегендиктен мага ал күнү усулдук бирикменин иш кагаздарын, ачык сабактардын графигин тапшырды. Мугалимдердин өмүр баяндарын толуктаган. Өзүнө тийиштүү болгон жумуштун баарын жасагандан кийин гана мектептен кеткен болчу», - деп кошумчалады.

Маркум 29-январда акыркы сапарга узатылган.

Учурда №51 С.Жээнбеков атындагы орто мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алса, 26 мугалим эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×