Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.02.2018 20:59

Жалал-Абадда «Тартип» операциясы башталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүндөн тарта «Тартип» алдын алуу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Марат Хажиматов өздүк курамга көрсөтүлгөн багыттар боюнча кенен түшүндүрмө берип, ага айыл өкмөттөрдүн, айылдардын башчылары катышты.

«Иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү максатында өздүк курамга бети ачылбаган кылмыштар, издөөдө жүргөн атуулдар, дайынсыз жоголгондор жөнүндө багыттамалар берилди. Райондук билим берүү мекемеси, жергиликтүү администрациянын кызматкерлери менен биргеликте окуу убагында жана түнкүсүн көчөдө жүргөн окуучуларды аныктоо максатында интернет жана оюн-зоок клубдары текшерилет. Диний-экстремисттик көз караштарды колдоочу жана идеяларын таратуучу атуулдарды аныктап, чара көрүү максатында коомдук жайлар, көчөлөр, мечиттер, намазканалар, диний мекемелер текшерилет. Мыйзамсыз түрдө жашап жаткан атуулдарды жана чет элдиктерди аныктоо максатында жарандардын турак үйлөрү айыл башчылары, элдик кошуундар менен биргеликте текшерүүдөн өтөт.

Эл көп жүрүүчү коомдук жайларда, базарларда, айылдарда селсаяктар жана тилемчилик кылып жүргөн атуулдарды, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү аныктап, чара көрүү максатында текшерүүлөр күчөтүлдү. Уруксат берүү системасы боюнча каттоодо турган мергенчи-сүйүүчүлөрдүн ок атуучу куралдардын сакталыш эрежелери, мөөнөттөрү текшерилет. Буга чейин мурда соттолгондор, чыр-чатактуу үй-бүлөлөр, спирт ичимдиктерин такай ичкендер толугу менен текшерилет, ошондой эле алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Профилактикалык иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан, атайын багыттагы рота, Сузак РИИБдин өздүк курамы жана жакынкы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылат. Жалпы 350дөй кызматкердин катышуусунда Сузак районунда башталып, алар ыкчам алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы белгилегендей, мындай рейддин натыйжалуулугу кылмыштуулуктун алдын алуу менен элет жерине чоң таасир берет. Мисалы, ата-энелери чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн балдарга да көз салынып, паспортторун текшерүү менен айылга убактылуу келип жашап жүргөндөр аныкталат. Аракечтик, жол коопсуздугу маселелери каралып, тартип чыңалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×