Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо алтынды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна нааразы болгон эл митингге чыкты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 1-февралда Тогуз-Торо районунда былтыркы жылдын сентябрь айынан тарта курулушу башталган «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болгон тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты район акиминин орун басары Айбек Кожошов тастыктады.

Анын айтымында, тынчтык митинг саат 12:00дөн 13:30га чейин уланды.

«Заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Завод өкүлдөрү менен да сүйлөштүк, алар 7-февралда дагы нааразы болуп жаткан тарап менен жолугушат», - деди акимдин орун басары.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2606
×