Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда 12 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында 12 үй-бүлө муниципалдык үйлөргө жайгаштырылып, турак жайга болгон муктаждык чечилди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө басым жасалган. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан куралган 7 үй-бүлөгө батир берилген. Ал эми турак жайга муктаж болуп кезекте турган 5 кожолукка шаар аймагындагы муниципалдык жатаканалардан орун берилди.

«КРнын Турак жай кодексине ылайык колдоого муктаж кожолуктар 1-2 бөлмөлүү болгон үйлөргө жайгаштырылды», -деп билдиришти шаардык мэриядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 996
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×