Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.01.2018 13:24

Сузак районунда №44 Фуркат атындагы мектептин курулушу 30 жылдан бери бүтпөй келет (фото)

Turmush -  Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш иштери көп жылдарга создугуп кеткен мектептерде болуп, «Курманбек кылымдар мурасы» триумфалдык аркасын капиталдык оңдоо жумуштарынын долбоору менен таанышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Алгач өкмөт мүчөсү Дайыр Кенекеев, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу «Курманбек кылымдар мурасы» триумфалдык аркасында болду. Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканын толук реконструкциялап, капиталдык оңдоодон өткөрүү, Сузак – Жалал-Абад унаа жолунун 3055 метрин асфальттоо жана жол жээгине тротуар салуу жана суу агуучу лотокторду куруу туурасында кенен маалымат берди. Бул максатта Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 25 млн сом суралып жатат. Ал эми Сузак – Жалал-Абад жолунун 3055 метрин асфальттоо иштерин бүткөрүүнү Транспорт жана жол министрлигинен суранышты.

«Курманбек кылымдар мурасы» триумфалдык аркасы 1999-жылы башталып, 2001-жылы бүткөрүлгөн. Ал эми 2015-жылы Сузак районунун 3 айыл аймактары тарабынан 500 миң сомдук оңдоо иштеринен өткөн.

Дайыр Кенекеев Ырыс айыл аймагына караштуу курулушу 30 жылга создугуп, ушул кезге чейин бүтпөй жаткан №44 Фуркат атындагы орто мектептин азыркы абалы менен жеринде таанышты. Союздун учурунда — 1985-жылы курулушу башталган мектепке 2004-жылы республикалык өнүктүрүү фондунан 5 млн 300 миң сом берилип, мектептин имараты, спорт залы менен ашканасы курулуп, чатыры жабылган. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Зайырбек Кыралиев мектептин курулушуна 53 млн 300 миң сом талап кылынаарын айтты. Аталган мектептин эски имаратында 420 окуучу 2 нөөмөт менен окуп жатышкандыгын мектеп директору Зафар Алибаев маалымдады.

Барпы айыл аймагына караштуу №35 Комсомол орто мектебинин бир кабаттуу 250 орундуу эски мектебинде учурда 620 окуучу 3 нөөмөт менен билим алып жатышат. Аларга таатыктуу таалим-тарбия берүү үчүн 42 мугалим эмгектенүүдө. 2017-жылы жаңы 2 кабаттуу мектептин пайдубалы 6 млн сомго курулуп бүткөн. Мектептин курулушун толук бүткөрүүгө 55 млн сом талап кылынат.

«Республика боюнча курулуш иштеринин 70%ы бүтүп калган мектептерди куруу иштерине азыр приоритеттүү көңүл бурулуп жатат. Ошондуктан бул мектептин курулушун улантууга республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүү маселеси оорго турары анык. Бирок бул мектептин курулушун көңүл четинде калтырбай, курулушту улантуу боюнча аракеттер жасалат. Жергиликтүү бийлик органдары бул маселеде кол куушуруп отурбашы керек», - деди Д.Кенекеев.

Өткөн жылы Сузак районунда республикалык бюджеттин эсебинен 2 мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилген. Сузак району боюнча 108 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×