Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 31.01.2018 11:52

Ала-Буканын Таш-Арык айылына 828 миң сомго жаңы электр мамылары орнотулду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Таш-Арык айылына жаңы электр мамылары орнотулду. Бул тууралуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Таш-Арык айылында электр мамылары жок болгондуктан жергиликтүү тургундар өздөрү жыгачтар менен мамыларды орнотушкан эле.

«Электр мамылары жергиликтүү тургундарга кооптуулук жаратып келген. Таш-Арык айылына 828 миң сомго жаңы электр мамылары орнотулуп, алар пайдаланууга берилди», - деди ал.

Айылда 100гө чукул кожолук жашайт. Айыл тургундары буга чейин электр мамылары кооптуу экенин айтып чыгышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×