Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.01.2018 10:49

Сузактын бийлиги жер көчкү кооптуулугу бар аймактагы элди мажбурлап көчүрүү боюнча сотко кайрылат (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Орток айылында 155 жаран кооптуу участкада жашап жатат. Айылда жашоочуларды тез арада көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө, бирок жер которуудан баш тарткан жарандарды мажбурлап көчүрүү боюнча бийлик сотко кайрылууга аргасыз болот. Бул тууралуу район акими Э.Омошев билдирди.

Анын айтымында, район аймагында биринчи жолу Орток айылында көчкү жүрдү. Жер көчкү Алибаев орто мектебине да кооптуулук жараткандыктан билим берүүгө тыюу салынды. Окуучуларды коңшу Жашасын айылындагы Жуманазаров атындагы мектебине көчүрүү аракети жүрүп жатат. Ошондой эле, өтө кооптуу аймакта делген 17 үй-бүлөнүн балдарын К.Эрматов жатак мектебине жайгаштыруу аракети жүрүүдө.

«Алибаев мектебинде 105 бала билим алат, аларды Жашасын айылындагы мектепке көчүрүү кадамы жүрүүдө. Мектепте окуучулар, мугалимдер үчүн да шарт түзүлгөн. Бөлмөлөр жетиштүү, андагы мектеп 600 орунга ылайыкташкан. Ал эми жашоочулар айылдагы ФАПка которуп, май айына чейин окутуп турууну суранып жатышат», - деди аким.

Орток айылындагы аксакалдар район акимине келип, мектепти май айына чейин жаппай турууну суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×