Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.01.2018 17:26 На русском

Сузакта мугалимдин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А.нын жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул маалыматты жергиликтүү жашоочулар жана анын кесиптештери тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 27-январь түнү болгон.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери С.Жээнбеков атындагы орто мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып түнөсө, кээде жакындары анын үйүнө келип турушчу. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан. Дароо милиция чакыртылып, алар тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, азырынча кылмышка шектүү адамдар табыла элек.

С.Жээнбеков атындагы мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Алымкан Рыскулованын айтымында, маркум ишине жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Башталгыч класстарга сабак берип, 3-классты окутуп жаткан.

«Мен ал инсанды 1996-жылдан бери кесиптеш жана кошуна катары жакшы билем. Башталгыч класстарга сабак берчү. Ишине так, жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Айтканыңды ашыра аткараар эле. Мектепте эч ким менен пикир келишпестикке да барган эмес. Сабырдуулук менен мамиле жасачу. Бир ушак сөз сүйлөп, кимдир бирөөнү жамандаганын көргөн эмесмин. Жумушун сүйгөн кесиптешибизден айрылып, биз да кабыргабыз кайышып отурабыз», - деди ал.

Анын айтымында, мектептеги окуучулар суукка байланыштуу 26-январда таратылган. Андан кийин мугалимдерге чогулуш болуп, жамаат тарап кетишкен. Бул күнү А.Б. тийиштүү иш кагаздарын тапшырган соң үйүнө кеткен эле.

«Ал башталгыч класстардын усулдук бирикмесин жетектегендиктен мага ал күнү усулдук бирикменин иш кагаздарын, ачык сабактардын графигин тапшырды. Мугалимдердин өмүр баяндарын толуктаган. Өзүнө тийиштүү болгон жумуштун баарын жасагандан кийин гана мектептен кеткен болчу», - деп кошумчалады ал.

Маалым болгондой, 52 жаштагы мугалимдин артында эки уулу калды. Маркум кечээ акыркы сапарга узатылды. Милиция бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Учурда №51 С.Жээнбеков атындагы орто мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алса, 26 мугалим эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×