Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 30.01.2018 09:11 На русском

Таш-Көмүр шаардык кеңешине 5 партия өттү

Turmush -  Кечээ, 29-январда өткөн Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 29-чакырылышынын депутаттарын шайлоого 7 партия катышып, анын ичинен 5 партия өттү. Бул тууралуу БШКнын Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Надырбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, аталган 5 партия 7 пайыздык чектен өтүштү. Добуш берүүгө 10561 шайлоочу катышып, шайлоо тынч өттү.

Шайлоодон уткан партиялар:

- «Мекеним-Кыргызстан» — 3204 добуш;

- КСДП — 2608 добуш;

- «Өнүгүү-Прогресс» — 1098 добуш;

- «Таш-Көмүр жаштары» — 1187 добуш;

- «Ата Журт» — 1294 добуш.

«Улуу көч» партиясы 684 добуш, «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы 359 добуш алып, 7 пайыздык чектен өтө алган жок. 81 бюллетень жараксыз деп табылды.

Болжолдуу маалыматтарга караганда «Мекеним кыргызстан» партиясына 10, КСДП — 8, Ата-Журт — 5 мандатка, «Таш-Көмүр жаштары» жана «Өнүгүү» партиялары төрттөн мандатка ээ болушу мүмкүн.

Буга чейинки 27-28-чакырылыштын депутаттары шаар мэрин тандай албай, мөөнөтүнөн мурда тараган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×