Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө жердештеринин корооcуна кол cалып жүргөн уурулар кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү элдин малын уурдап, материалдык зыян келтирген шектүүлөр кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин уурулардан жабыркаган бир нече адамдан арыз түшкөн.

2017-жылдын 22-сентябрында Таш-Көмүр шаарынын Юлдашев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 2 баш эчки уурдалган. Андан кийин, тактап айтканда 21-ноябрь күнү Нарын көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу эртең менен мал сарайынан 1 баш коюн таппай калган.

Андан 15 күн өткөндөн кийин ошол эле Нарын көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бириндеги мал сарайдан 2 кой, 19-декабрга караган түнү Осмонбеков көчөсүндөгү үйдөн дагы 1 баш кой уурдалган.

Мал ээлери Таш-Көмүр ШИИБге жазган арыздын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 19-январь күнү шектүү кармалган болчу. 34 жаштагы жергиликтүү тургун М.И. кылмыш иштерине катышканы толугу менен далилденген.

Уурулук дагы улантылып, 24-январь күнү Таш-Көмүр шаарынын Чыныбаев көчөсүндөгү короонун сыртында турган буканы белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Үй ээси дароо милицияга кабарлап, 1 күн өтпөй 1978-жылы туулган жергиликтүү тургун Т.Э. Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Сурак учурунда ал кылмышты мойнуна алган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тактоо жана тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×