Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 28.01.2018 16:19

Таш-Көмүрдө шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 28-декабрда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, шайлоодо 31 орун үчүн 7 партиядан 373 талапкер катталган ат салышууда. Шаарда жалпысынан 19 миң 658 шайлоочу болсо, саат 16:00гө чейин 7783 шайлоочу добуш берген. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 10 шайлоо участкасында өтүп жатат. Добуш берүүдө кезек күтүүлөр жана техникалык бузуулар болгон жок.

Шаардык кеңешке биринчи жолу «Улуу Көч» деп аталган партия кошулду. Ал эми калгандарын КСДП, «Бүтүн Кыргызстан», «Мекеним-Кыргызстан», «Өнүгүү», «Ата-Журт» партиялары түзгөн.

Былтыркы жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлооодо КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Республика» жана «Таш-Көмүр жаштары» партиялары жеңишке жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×