Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 27.01.2018 10:50

Тогуз-Торо районунда кар көчкү түштү

Turmush -  Кечээ, 26-январда саат 18:30 чамасында Тогуз-Торо районундагы Казарман–Актал–Чат ички чарбалык унаа жолунда (Ийри-Суу тилкеси) кар көчкү түштү. Унаа жолдун 44-45-чакырымындагы көчкүнүн көлөмү 3500 метр куб болуп, жол убактылуу жабылган, деп билдирди ӨКМ.

Тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан техникалар бөлүнүп, саат 19:35те жол каттамы бир тараптуу ачылып, саат 23:00дө жол каттамы толук ачылды. Адамдар жабыркаган жок.

Аталган аймакта бүгүн, 27-январда жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×