Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Ноокенде өспүрүмдөр арасында алыш күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Ноокен районунда алыш күрөшү боюнча спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, баңгичиликке, өз жанын кыюуга каршы күрөшүү, жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга, окуучулар арасында достукту бекемдөө, аларды ыймандуулукка чакыруу максатында Ноокен РИИБ менен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Мелдешке жалпы 9 команда катышып (8 айыл аймагы жана 1 шаар), райондогу 56 мектептен 525 жаш спортчулар 12 салмак категория боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө белектер жана кубок, медалдар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1240
Көп окулду
×