Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Чычкан суусуна кулаган май ташуучу унаа: Токтогул суу сактагычына тийген зыяндуулук текшерилет

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда Чычкан суусуна төгүлгөн күйүүчү майдын Токтогул суу сактагычына тийгизген зыяндуулугу лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Мындай пикирди Мамэкотехинспекциянын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыктын башкы инспектору Болот Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Чычкан суусуна күйүүчү май төгүлгөн окуя болгон күндүн эртеси атайын суу сактагычка да барып келишкен.

«Көпүрөдөн өтүп бара жатып сууга кулаган оор жүк ташуучу унаадагы күйүүчү май төгүлүп, сууга кошулуп кеткен. Окуя болгон жерден суу сактагычка чейинки аралык 20 чакырымды түзөт. Андагы суунун агымы күчтүү, төгүлгөн солярка суунун күчтүү агымында күчүн жоготот. Суу сактагычка жеткен же жетпегени белгисиз, суунун анализи чыккандан кийин маалым болот. Ошентсе да суу сактагычты кыдырып чыктык, балыктардын өлгөнүн көргөн жокпуз. Унаа кулаган жерде балыктар өлдү деген маалымат чындыкка туура келбейт. Балыктар суунун түбүндө жүрүшөт, суунун агымы да күчтүү», - дейт ал.

Ал эми күйүүчү май төгүлгөн жерден он чакырым алыста жайгашкан жеке менчик балык чарбадагы балыктардын кырылуусуна суунун агымы жай болгондугу таасир берген.

«Балык багууга ылайыкташкан көлмөдөгү суунун агымы жай болуп, бензиндин зыяндуулугу көп болгондугуна байланыштуу балыктар кырылууга дуушар болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин кызматкерлери да иш алтеп жатышат», - дейт Б.Жапаров.

Буга чейин маалымдалгандай, 21-аянварда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында 38 тонна бензин куюлган «Фрейтлайнер» үлгүсүндөгү унаа Чычкан капчыгайындагы сууга кулап, анын кесепетинен балыктар массалык түрдө кырылган. Балыктар балык чарбасын иштеткен жеке ишкерге таандык болгон. Ал дарыяга күйүүчү май ташуучу унаанын кулашынан экинчи жолу зыянга учурап жатат.

Жалал-Абад ОИИБ күйүүчү май ташыган унаанын сууга кулашы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1501
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×