Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 24.01.2018 09:29 На русском

Эгиздер: Аман менен Эсенди кичинесинде апасы гана адаштырбай тааный алчу (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 18 жаштагы эгиздер Аман менен Эсен Сыргаковдорду кичинекей кездеринде апасы гана адаштырчу эмес. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

Амандын айтымында, учурда Эсен экөө тең Бишкек шаарында музыка тармагында билим алып жатышат.

«Экөөбүз кичине кезибизден музыкага кызыкчубуз. Өзүбүз 11-классты Кара-Көлдөн бүткөнбүз. Окуучулук күндөрдө мен мектептеги сынактарда ырдачумун. Учурда 3 дипломум бар. Эсен бий жагынан катышчу. Анын дагы дипломдору бар. Көптөр мени Эсен деп, Эсенди Аман деп жаңылып алышчу. Өзүбүздүн бир тууган агаларыбыз дагы бизди атыбыздан айтканда жаңылышып айтып алчу», - деди ал.

Эсендин айтымында, түгөйү экөө окуучу кезинде комуз боюнча ийримге барышчу.

«Апамдын айтымында, Аман 1 кг 800 гр салмакта, мен 3 кг 200 гр салмакта төрөлүптүрмүн. Аман бир аз айтканынан кайтпаган бала. Бирок мен бүт баарысына макул боло бергеним менен баарын өз орду менен кылганга аракет кылам. Кичине кезибизде көп ооручу элек. Дарыгерлер апама «буларды музыкалык мектепке бергиле, музыка дары болот» деп айтышкан экен. Өзүбүз Кара-Көлдө окуп жүргөндө комуз үйрөнүү үчүн музыкалык мектепке барчубуз.

Апабыз бизди кичине кезибизден карагандыктан атыбыздан айырмаланып, эч жаңылбай чакырат (күлүп)», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×