Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Фото - Франциялык спортчулар хорсбол боюнча мелдешке катышуу үчүн Токтогулга келишти

Turmush -  Кечээ, 23-январда Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылына хорсбол оюну боюнча мелдешке катышуу үчүн Франциядан спортчулар келишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, француздар хорсбол оюну боюнча айылда түзүлгөн мектеп командасы менен жолдоштук мелдеш өткөрүштү. Мындан сырткары, мектептин окуучулары, мугалимдери, ата-энелер менен жолугушуп, хорсбол оюнунун тарыхы, бүгүнкү күндөгү орду жана Франция мамлекети жөнүндө маалымат берип, суроолорго жооп беришти.

Француздар Кыргызстандын туристтик дарамети жогору экенин белгилеп, Франция мамлекетинин бюджетинин көпчүлүк бөлүгү туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшөөрүн билдиришти.

Эскерте кетсек, Франциянын хорсбол командасы Токтогул районунда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан хорсбол мелдешине катышканы келишкен. Мелдеш 25-январда өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1334
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×