Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кытайлык компания мыйзамсыз чалгындоо иштерин жүргүзгөнү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Тоскоол-Ата токой чарбасында нефти бургулоо жана чалгындоо ишин кытайлык компания мыйзамсыз жүргүзүп келген. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Тоскоол-Ата токой чарбасынын жетекчилиги тарабынан Мамлекеттик токой фондусуна кирген Карамисте участкасынан «Сань-Шань Юань» ЖЧКга 1 гектар жер аянтын мыйзам бузуу менен ижарага берген.

Аталган ишкана мамлекеттин жерине нефти бургулоо жана чалгындоо ишин жүргүзүп, 9882 чарчы метр жер кыртышын талкалагандыгы аныкталган. Ошондой эле, токой чарба башкармалыгы карамагындагы аймакка көзөмөл жүргүзгөн эмес. Жерлерди мыйзамга каршы иштетип, компанияга Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, жер кыртышын мыйзамга каршы иштетип келгенине байланыштуу аталган компанияга 691 миң 740 сом доо коюлду.

«Учурда токой чарбалыгынын шалаакылыгы жана мамлекеттин жерин талкалаган «Сань-Шань Юань» ЖЧКга байланыштуу материалдар чогултулуп, келтирилген зыяндарды толтуруу, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо максатында Ноокен райондук сотуна өткөрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1520
Көп окулду
×