Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Чычкан суусуна кулаган май ташуучу унаа: Токтогулда өлгөн балыктар 3 тоннага жетти (фото, видео)

Turmush -  Токтогул районунда массалык түрдө кырылган балыктардын салмагы 3 тоннадай болду. Бул тууралуу райондун акими Майорбек Стамбеков бүгүн, 23-январда билдирди.

Анын айтымында, балык чарбаларда 17 тоннага жакын балык бар. Балыктардын өлүүсү азыркыга чейин токтой элек.

«Бүгүн, 23-январда саат 09:30га карата алынган маалыматтар боюнча балык чарбасынан 2,9 тонна балык өлгөнү аныкталды. Учурда балыктардын өлүүсү токтой элек. Адистер жеринде иштеп жатышат. Бул балык чарба 2008-жылы уюшулган. Ал чарбада жалпы 14 көлмө болсо, анда 17 тоннага жакын балык бар деп болжолдонууда», - деди ал.

Маалым болгондой, Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну Аман Борбуев 9 жылдан бери балык чарбачылыгы менен алектенип келген. Алгач 3 тонна балыкка ылайыкташкан жасалма көлмө менен ишин баштаган. Бир топ жылдан берки чарбачылыгынын үзүрүн көрө баштаган эле. Былтыркы жылы 15 тоннадай балык саткан. Быйыл 20 тоннага жеткирүүнү көздөп жатканын буга чейин билдирген.

Буга чейин маалымдалгандай, 21-аянварда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа Чычкан капчыгайындагы сууга кулап, анын кесепетинен балыктар массалык түрдө кырылган. Балыктар балык чарбасын иштеткен жеке ишкерге таандык болгон. Ал дарыяга күйүүчү май ташуучу унаанын кулоосунун кесепетинен экинчи жолу зыянга учурап жатат.

Жалал-Абад ОИИБ күйүүчү май ташыган унаанын сууга кулашы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Унаа суудан чыгарылып, унаалар токтоочу жайга жеткирилген.

Ошондой эле, Мамэкотехинспекциянын Токтогул району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 38 тонна бензин төгүлгөн жерден административдик протокол толтурулган.

«Чычкан суусунда бир нече жеке менчик балык өстүрүүчү көлмөлөр жайгашкан. Кырсык учурунда бир көлмөдөн балыктардын массалык кырылуусу катталып, себебин аныктоо үчүн балыктар ветеринардык инспекциянын лабораториясына жөнөтүлгөн. Ал эми суунун үлгүсү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин лабораториясына текшерүүгө берилди. Токтогул суу сактагычын текшерүүгө алганда кооптуу кырдаал катталган жок. Жаратылышка келтирилген зыян боюнча күнөөлүү адамдарга чара көрүү үчүн тийиштүү материалдар Токтогул райондук ички иштер башкармалыгына берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Мамэкотехинспекциянын билдирүүсүндө.

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматтар боюнча, май ташуучу унаанын айдоочусу эмес, анын жардамчысы — 1986-жылы туулган А.Н. каза болгон. Унаа Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарын көздөй бара жаткан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаа чукул бурулуштан катуу ылдамдыкта бурулуп, жүк унааны сайды көздөй тартып кеткен деп болжолдонуп жатат. Бул боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат. Кырсык болгон жерде жол белгилери орнотулган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасы жеке ишкер Аман Борбиевдин балык чарбасы тууралуу жазган.

Ишкердин айтымында, анын балык чарбасын уюштурганына 3 жылдын жүзү болду. Чарбасында негизинен форель балыгын багышат. Өстүрүлгөн балыктарды ал жергиликтүү базарга алып чыгып сатат.

«Балык чарбачылыгын колго алуу менен 2 үй-бүлө жашоо-тиричилик кылып жатабыз. Аракет кылсаң берекет дегендей, жасаган кадамдарыбыздын акыбети кайтып, киреше тапканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», - деп билдирген тургун.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2632
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×