Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Базар-Коргондо уруксаты жок курулган газ куюучу жайдын иши текшерилди

Turmush -  Базар-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан газ куюучу жай адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке ишкер Т.Алибаев Бишкек–Ош унаа жолунун Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү тилкесинде эч кандай уруксат кагаздары жок, өрт коопсуздук талаптарын одоно бузуп, газ куюучу жай иштетип келген. Буга чейин аталган жай Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынып, олуттуу кемчиликтерден улам анын иши токтотулган. Бүгүнкү күндө ишкер Мамэкотехинспекциянын койгон талаптарына баш ийбей, ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгы аныкталды. Ага байланыштуу тийиштүү кагаздар толтурулуп, чара көрүү үчүн материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1013
Көп окулду
×