Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Чычкан суусуна кулаган май ташуучу унаа: Токтогулда 2,5 тонна өлгөн форель чыгарылды (фото, видео)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда Жалал-Абадга келе жаткан күйүүчү май ташуучу унаанын Чычкан суусуна кулаганынын кесепетинен жеке ишкер Аман Борбуевдин кырылып калган балыктары тазаланууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жеринен билдирди.

Учурда 6 адам өлүп калган балыктарды суунун түбүнөн чыгарып жатышат.

«Балыктар өлгөндөн кийин бассейндин түбүнө түшүп кетет экен. Аларды суунун түбүнөн алып чыгышып, мүшөктөргө салышууда. Алардын айтымында, азыркы сааттарга 2,5 тоннадай балык бассейндин сыртында турат. Тазалоо иштери уланууда. Бул жеке ишкер негизинен форель балыктарын өстүрөт», - деди аймактык кабарчы.

Балык чарбанын абалы менен райондук комиссия таанышып, Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү да көрүп кетишкен.

Жергиликтүүлөр күйүүчү май ташыган унаа кулаган жерде — Капчыгай суусундагы балыктардын кырылып, суу жээгине чыгып калганын айтышууда.

Буга чейин Токтогул районунда балык чарбадагы балыктар массалык түрдө кырылып жаткандыгы маалымдалган. Бул маалыматты райондун акими Майорбек Сатымкулов тастыктаган.

«Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында жеке ишкер Аманжан Бирбиевдин балык чарбасындагы балыктар массалык түрдө өлүп жатат. Балыктардын өлүүсүнө 21-январда Чычкан капчыгайында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында болгон кырсык себеп болуп жатат. Май ташыган унаа сууга кулап, балыктарга зыянын тийгизген. Бүгүнкү күндө райондогу тиешелүү кызматтар менен биргеликте териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Балык чарбасына келтирилген зыян юридикалык жактан каралып чыгат. Мындан сырткары кулаган унаанын ээси комиссиянын чечиминин негизинде районго чакыртылып жатат», - деп билдирген аким.

Буга чейин маалымдалгандай, 21-январда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында май ташуучу унаа сууга кулап, 1 адам каза болгон жана 2 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматтар боюнча, май ташуучу унаанын айдоочусу эмес, анын жардамчысы — 1986-жылы туулган А.Н. каза болгон. Унаа Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарын көздөй келе жаткан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаа чукул бурулуштан катуу ылдамдыкта бурулуп, жүк унааны сайды көздөй тартып кеткен деп болжолдонуп жатат. Бул боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат. Кырсык болгон жерде жол белгилери орнотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
tasakg
13:51, 23 января 2018
Эми балыктан көп тамак жасалат Бишкекте.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×