Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Кочкор-Атадагы кафеде отурган 2 кишинин пикир келишпестиги өлүм менен аяктады

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын тургунун өлтүрүүгө шектүү кармалды, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде 43 жаштагы К.А. менен кылмышка шектүү катары кармалган жаран спирт ичимдигин ичип отурушуп, пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Шектүү ачууланып, К.А.ны бети-башына урган кезде ал мүдүрүлүп жыгылгандыгын жана ага жардам бербестен кетип калгандыгын өз көрсөтмөсүндө билдирген.

«Ушул жылдын 8-январында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде эсин жоготуп жаткан жаранды жергиликтүү тургундар көрүп, тез жардам чакырып, аймактык ооруканага алып келишкен. Ал ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу боюнча Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери ооруканага барып, каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жарандын ээриндеринде жана баш мээсинин артында көгөргөн белгилер бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, каза болгон жаран Кочкор-Ата шаарынын 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган», - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү К.С. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда териштирүү жана тергөө амалдары улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1498
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×