Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.01.2018 13:06

Базар-Коргондогу элдик жыйында эки айылга көпүрө жана канал куруу демилгеленди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кечээ, 17-январда элдик жыйын болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Д.Каримов, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы З.Кыралиев, акимиаттын кызматкерлери, мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, токой чарбалардын жана мектептердин директорлору, бала бакчалардын башчылары, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин төрагалары, айылдык кеңештин депутаттары, дыйкан чарбалардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондун аймагындагы 2 айыл аймактын көйгөйлүү маселелери тиешелүү жетекчилерге айтылды. Кеңеш айыл аймагындагы Аук айылына көпүрө, Акман айыл аймагындагы Көлмө участкасында, сел каптоо коркунучу бар участкага канал куруу демилгеси көтөрүлдү.

Маалым болгондой, райондо өткөн жылы 1423 адам турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Учурда Базар-Коргон районунда 35 миң 780 түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.