Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 18.01.2018 10:19 На русском

Ноокенде эки унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кечээ, 17-январда жол-транспорт кырсыктан 60 жаштагы жүрүнчү жаракат алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 13:20 чамасында Масы айылында «Тойота Авенсис» (мамлекеттик номуру А6316К) жана «Дэу Тико» (мамлекеттик номуру D8244B) үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын 1958-жылы туулган жүргүнчүсү С.А. бутунан жаракат алды. Ал куткаруучулар тарабынан аймактык ооруканага жеткирилди.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×