Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 14.01.2018 18:25

Тарых инсаны: Кыргыздын туңгуч чекисти И.Текеев репрессия учурунда дайынсыз жоголгон (фото)

Turmush -  Кыргыздын көчмөнчүлүк заманында аш-тойлор оюн-зоок менен өтүп келген. Ал оюндардын коркунучтуусу эр сайыш эле. Кыргыз-казакка белгилүү Тайкашка, Аксакал,Торгой, Эрназар, Жаманооз, Жылаанкөз дунган, Тиштээк сыяктуу чыгаан найзакерлер болгон. Булар тууралуу аңыз-кептер азыркы күнгө чейин эл оозунда айтылып келет. Сарбагышка киринди уруулардын бири Чертикиден чыккан Тиштээктин мүрзөсү Кочкор районундагы Кара-Саз айылынын кире беришинде орун алгандыгын ушул айылдын тургуну Дүйшөнакун Молдошов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ал айдоого айланып калган Тиштээктин мүрзөсүнүн ордуна терек отургузуп койгон. Тиштээк баатырдын таекеси алакөз уруусунан чыккан Жайыл мерген да баатыр адам болгон. Жайылдын Теке, Асым деген эки уулу болуп, улуусу Теке баатыр өмүрү өткүчө тоңдун болушу Баатыркан Райымбек уулунун жан жигити болгон. Ал эми экинчи уулу Асымдын Эсенгул, Ниязбек, Сарбагыш деген уулдарынын балдары азыркы күндө Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылында жашап турушат.

image Теке баатыр жол жүрүп келе жатып, күүгүмдө алыстан калың жылкынын караанын көрөт. Жылкыны тартып алып айдап кетүү оюнда буйткага жашырынып күтүп калат. Чукулдай бергенде айдап келе жаткан адамга кол салат. Ал дагы союл чабууга ыктуу эр экен. Экөө союлдарын өздөрүнө жолотпой тосушуп, эки үч сыйра чабышканда Теке «сен Ботокан болуп жүрбө?» дейт. Анда тиги адам «Теке баатырсыңбы?» деп кайра өзүнө суроо берет. Буга чейин «Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсе бир киши» дегендей бир-бири тууралуу алыстан угуп жүрүшкөн. Экөө союлдарынын чабышынан бир-бирин таанып, аттан түшүп көрүшүп ал-жай сурашат. Көрсө семиз-белдик арык тукумунун болушу Кененбай Байтүгөл уулунун жигит башчысы Калмакы уулу Ботокан алыстан жылкы тийип келе жатыптыр. Ал жортуулга жалгыз барчу экен. Ошентип экөө айлуу түндө достошуп, жылкыны экиге бөлүп айдап кетишет. Мына ушу Теке баатыр менен Тескей Ак-Суудан ооп келген Тилекмат уулу Ногойбай экөөнү Баатыркан болуш жортуулга жумшап, жигит катары жанынан чыгарган эмес. Текенин атасы Жайыл мерген да учурунда баатыр адам болуп, Баатыркандын атасы Райымбек менен жортуулдарда күн-түн бирге жүрүшкөн. Теке жалгыз уулу Иманбекти Кызыл-Суудагы орус мектебинен окуткан. Кийин Иманбек Караколдогу 4 сыныптык баштапкы жогорку окуу жайына которулат да пансионго кабыл алынат. Ошол жерден Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баатыркан Мээрканов, Кожокан Шооруков деген орусча окуган тирикарак өспүрүм балдарга жолугат. Кийин Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Касым Тыныстанов, Кыробкомдун үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы Баатыркан Мээрканов, ВКБ (б) БКнын Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы Кожокан Шооруков алгачкы саламаттык сактоо министри болуп иштешкен.

1916-жылкы улуттук боштондук кыймылында Баатыркан Райымбек уулу, Сагаалы Алматаев, Сагын Ниязбек уулу сыяктуу бир топ болуштар он миңдеген кол менен Пржевальскты курчоого алышат. Ага чейин Каракол уездиндеги кыргыздар Баатырканды хан көтөрүшөт. Ал Кочкор, Нарын эли менен сүйлөшүүнү Тоңдун болушу Сагаалы Алматаевге, Семизбел болушу Сагын Ниязбек уулуна, Кеминдеги Шабдандын балдарына Курткамерген болушу Максут Солтобаевге, Жаныбек болушу Талканбай Түлөгөновга тапшырып, Жаркент уездинин казактары менен сүйлөшүүнү өз колуна алган. Ушул иштерде Теке баатырга байланышчы катары күн-түн тынбай жол жүрүүгө туура келген. Көтөрүлүш жеңилип, эл Кытайга качканда Сагаалы болуш Кыдыр аке, Баатыркан, Шабдандын балдарына «мен жеримди таштабайм, силер кетсеңер кете бергиле, качып өлгүчө атып өлөм» деп элдин артынан түшкөн жазалоочу эскадрондун жолун тосуп калат. Ошондо Теке баатыр Баатыркан болуштан бөлүнүп Сагаалынын колуна кошулуп, жазалоочуларга каршы согушат.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-Sdo8VXzUur0lc

Сагаалынын чабуулга өткөн азганактай кошуунун замбиректин огу тымтыракайын чыгарат. Өзүнүн колуна ок жаңылып бирин-эки кишиси менен араң кутулат. Ошол урушта айтылуу Теке баатырга да ок жаңылып набыт болуп уулу Иманбек жетим калат. Ушул жылы жайында Иманбек Бүткүл россиялык 1-эл чарба каттоосуна регистраторлукка жөнөтүлгөн. Атасы өлгөндө жанында болгондуктан аны Николаев кыштагынан кармап, Караколдогу түрмөгө камашкан. Негизи Каракол шаарында түрмө жок болгон. Элдин козголоң кыларын сезген Каракол-Нарын уездинин башчысы, Каракол казак-орус аскеринин полковниги Иванов Иннокентий Иванович Тырап ажы дегендин эки кабат үйүн түрмө кылдырган. Бул түрмөдө Иманбек 1917-жылдагы февраль төңкөрүшүнө чейин отурган. Түрмөдөн бошотулгандан кийин Каракол уездинин 3-участкалык тергөөчүсүнө тилмеч болуп жүрүп Ташкентке окууга жөнөйт. Ал жакта кыска убакыт окуп Фергана облусуна Бүткүл россиялык 2-эл чарба каттоосуна регистраторлукка дайындалып, ошол эле жердеги солдаттар жана дыйкандардын депутаттарынын советине тилмеч болуп иштейт. 1918-жылы Ферганада Анжиян уездинде Избаскан аймактык комиссарынын катчысы болуп ак гвардиячыларга каршы салгылашка катышкан. Ошол жерде иштеп жүрүп 1919-жылы КПССтин катарына өтүп, партиянын Жалал-Абад райкомунун секратарлыгына дайындалган. 1920-жылы Ферганада басмачылык кыймыл күч алгандыктан, командирлик курстан өтүп, басмачыларга каршы уруштарга катышат. Оштон Хорогго андан ары Шугнан, Ванч, Рушанды аралап Афганистанга кетүүчү дүйнөдөгү эң бийик унаа жол 20-жылдардын акырында башталып, согуш жылдары бүткөрүлгөн. Мына ушул жолду курууну алгачкы баштоочулар Текеев менен инженер Демьянов болгон. Жарандык согуш жылдарында соттук бийлик Эл Комиссарлар Советине баш ийген ВЧКнын колуна топтолгон. Иманбек 1921-жылы Жети-Суу облусунун ВЧКсынын катчысы, 1922-жылы Нарын саясий бюросуна уполномечен, 1923-1924-жылы Караколдо жер бөлүмүнүн башчысы, жер курулуштарынын төрагасы, Алматыдагы ОГПУнун уполнмечени, Түркстан СССРинин Кара-Кол уездинде прокурордун жардамчысы болуп чекисттик кызматтарды аркалай баштайт.

1924-жылы 12-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкому түзүлүп, Иманалы Айдарбеков төрага болуп дайындалды. Ал эми 25-ноябрь күнү ревкомдун Президиуму облустук соттун жана прокуратуранын бөлүмүн ачты. Ошентип Кыргызстанда ачылган алгачкы сотунун башкы төрагасына Авербург Лев Александрович ( 1924-1925 –жылдары) орун басары болуп Текеев Иманбек дайындалган. Иманбек 1925-1926-жылдардагы кыска мөөнөттө Каракол уездик-шаардык ревкомунун катчысы, андан кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жалал-Абад, Фрунзе кантону боюнча прокурордун жардамчысы, 1925-жылдан 1927-жылга чейин Кара-Кыргыз автономиялуу облустук сотуна төрагалык кылат. 1927-жылы мартта Кыргыз АССРи кайрадан уюшулганда Башкы сотунун биринчи төрагасы болуу бактысына ээ болуп, 1928-29-жылдары Москвадагы Жогорку укук курсунун угуучусу катары билимин жогорулаткан.

1929-жылдары Кой-Сары курортунун ачылышы болуп, ага алгачкылардан болуп Каракол канткомунун катчысы Сатар Кулматов, Эл чарба Советинин төрагасы Сыдык Чоңбашов, Москвадагы Кыргызстандын өкүлү Кожокан Шооруков, Кыргыздын башкы сотунун төрагасы Иманбек Текеев, Эл агартуу комиссары Токчоро Жолдошов, Казакстандан Ураз Жандосов, Габбаз Тогжанов жубайлары менен келип эс алышып, калкты курортко келүүгө үндөшкөн. 1929-1933-жылдары Кыргыз АССР жер иштетүү эл комиссарлыгында сектор башчы, эл комиссарынын орун басары, коллегия мүчөсү, 1933-34-жылдары Фрунзедеги облустук мал чарба тресттинин директорунун орун басары, 1934-36-жылдары партиянын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб райкомунун биринчи катчысы, Тажик АССРиндеги Көк-Таш райаткомунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенип, Кеңеш бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн.

Кыргыздын туңгуч чекисти, округдук, кантондук, облустук сот, прокуратура уюмдарынын алгачкы жетекчилеринин бири Текеев Иманбек өзүнүн ишмердүүлүк жылдарында эки жолу партиядан чыгарылып кайрадан кирген экен. 1937-жылдары Кочкордун Кош-Дөбөсүндө жашаган Текенин иниси Асым түнкүсүн коркунучтуу түштөрдү көрүп, санаасы чыдабай ат коштоп Иманбекке барат. Экөө кучакташып көрүшөт. Асым Иманбекке «жаман түш көрүп жүрөм. Сен соо болбочудайсың. Атадан жалгыз уулсуң, сенден ажырап калчудай болуп турам. Макул десең, Кытайга ашырайын, төтө жолдору эсимде. Ал жакта Баатыркан болуштун балдары, кайындары калган.Туугандык жайыбыз бар эмеспи. Алар менен жарнакташып жаныңды калкалап турсаң, заман оңолгондо өзүм барып алып келем» дейт. Өкмөттүк иште иштеп жүрүп, ага берилип ишенген Иманбек баш чайкайт «жок, ага! Мен ак болсом, айыбым жок болсо Совет өкмөтүнөн качып кайда бармакмын. Камаса камап чыгарар. Падыша өкмөтү деле камап, андан деле бошоп чыкпадым беле» дейт. Асым 1916-жылдагы Иманбектин Караколдун түрмөсүндө алты ай жатып чыкканы эсине түшүп, «балким сеники чындыр?» деп жер тиктеп улутунган экен.

НКВДнын жетекчилери Ягода, Берия, Ежов, Лоцманов, Поликарпов, Юрченко канчалаган Советтик кызматкерлерди «эл душманы» атап жок кылышты. 1937-жылдын 4-сентябрында Кыргызстан КП БКнын бюросунун чечими менен республикада репрессияны баштаган Кыргызстан ички иштер Эл комиссары Четвертаков ишинен бошотулуп, СССР НКВДсынын карамагына жөнөтүлдү. Анын ордуна Н.И.Ежов сунуштаган өз бир тууганын аябастан «эл душманы» катары кармап берген И.П. Лоцманов дайындалып, массалык жазалоо ого бетер күч алды. Ал тургай Москвага чакырылып кеткен мурдагы ички иштер комиссары Четвертаков, Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы Сегизбаев Санжар Бактыбаевич (1937-жылы январь-декабрь айларында иштеген) да репрессияланган.

НКВД желдеттери Иманбекти аңдып жүрүп үйүнөн таппай, аялы Укайды наристе кызы Зоянын көзүнчө зордоп айдап кетишет. Укайды суракка алып, эрин каралатууга аракеттер жасалат. Иманбек келгенде Зоя кошунанын баласы Вовиктин жанында жетимсиреп турган эле. Атасынын мойнуна асылып эчкире ыйлаган кызын жетелеп НКВДга өзү барат. Аялын бошотуп, колуна кишен салышты. Мына бул күн 1937-жылдын 9-январы болчу. Ушу күнү ал партиядан акыркы жолу чыгарылып жана камалган. Текеев Иманбек камакта жатканда падышалык түрмөдөн ашып түшкөн кандуу жайга туш келгенин сезди. Аны күнүгө айыпты мойнуна алдыруу үчүн кыйнап жатышты. Тепкиден, таяктан денелери жанчылды. Таякты көтөрө албай жыгылып калганда тергөөчүлөр өтүгүнүн такасы менен чекесин бурап, оюна келгендей кыйнайт.

1938-жылы Курманалы Кулумбаев, Исраилов, Сөлпүев, Бугубаев сыяктуу он киши менен бирге Балыкчы шаарына ачык сотко айдап келишти. Ысык-Көлдөгү мамлекеттик параходствосунун залындагы атайын жайда чагымчы каралоочу, күбөлөрдүн, тоңдук, акөлөңдүк, балыкчылык, кочкорлук ага-туугандарынын көзүнчө ак жерден жалаа жаап, кылмыштарды мойнуна алдырышат. Таяктан талкаланган атасынын жанына жетип барган кызын формачан милиционер топчо ыргытканда, энеси Укай бооруна кысып ичинен сызып олтуруп калат: «Аттиң! Артыңда эркек уул калбай жалган жалаа менен баратасың. Менин айтканыма көнгөнүңдө эмне! Агам Текенин тукуму үзүлөбү?!» деген ойдо агасы Асымдын жүрөгү сыздайт. Ал жерде тогуз кишиге аттууга өкүм чыгып, 19га жаңы караган Бугубаевти 25 жылга кесишет. Сот отурумунда Иманбекти үй-бүлөсү акыркы жолу көрдү. Ал 1946-жылы түрмөдө өлгөн. Бирок анын Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалымат, ал тургай сүрөтү табылгандыгын айтышат. Ал 1956-жылы август айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечими менен акталган. Кийин 1976-жылы толук акталып, Тажикстан КП БК Бюросунун 1979-жылы 28-сентябрдагы токтомунун негизинде өлгөндөн кийин Комунисттик партиясынын, ЦИКтин мүчөсү деп эсептелген. Текеев Иманбектин жээн небереси ( Иманбекова Зоянын кызы) Иманбекова Асель Иманбековна Чүй мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, укук коргоо органдарында иштеп келе жатат. Учурда Иманбек Текеевдин бүткүл документтери анын жеке архивинде сакталуу экендиги тууралуу маалымат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×