Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.01.2018 12:50

Акын, котормочу, прозаик, журналист К.Ташбаев көз жумду

Turmush -  Белгилүү акын жана котормочу, прозаик, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ж.Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты, ардагер журналист Кармышак Ташбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кармышак Ташбаев (Аликетегин) 1935-жылы 15-январда Кара-Кулжа районундагы Шаркыратма кыштагында туулган. Райондогу Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин ал колхоздо табелчи болуп эмгек жолун баштайт. Кийин аскерге чакырылып, андан келгенден кийин геологиялык-изилдөө партиясында ага бургулоочу болуп иштейт. Көп убакыт өтпөй райондук «Коммунизм үчүн» гезитине жооптуу катчылык кызматына дайындалат.
Билиминин жетишсиздигин сезген К.Ташбаев Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетиндеги журналистика бөлумунө келип кирет да аталган бөлүмдүн толук курсун бүтүрүп чыгат. 1965-жылдан баштап ал облустук «Ленин жолу» гезитине алгач котормочу, кийин адабий кызматкер болуп иштейт. Ал эми 1969-жылдан баштап республикалык «Кыргызстан пионери» гезитинин Ош облусту боюнча кабарчылык милдетин аткарган. 1976-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар Бирлигинин Ош облустук бөлүмүнүн жооптуу катчы болуп иштеген.

13

Кармышак Ташбаевдин чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөн жылдардан башталат да алгачкы ырлары райондук, облустук жана республикалык гезиттерге 1957-жылдан баштап жарыялана баштайт. Ал бүгүнкү күнгө чейин 15тен ашуун поэтикалык ыр жыйнактардын автору болгон. Алгачкы «Кыргыз тоолору», «Мен көргөн жаздар», «Багыт» жана «Мезгил күүсү» аттуу ыр жыйнактары анын акындык зор талантынан кабар берип, окурмандардын кызыгууларын жараткан. Акындын чыгармалары терең идеялык мазмуну, граждандуулугу, лирикалуулугу жана ой чабытынын масштабдуулугу менен айырмаланып турат.

К.Ташбаевдин ысымы акын, котормочу катары эле эмес, окурман журтуна прозаик катары да таанымал. Анын «Кайра жанган от», «Көпүрө» аттуу повесттери белгилүү. Анын искусствонун өсүп-өнүгүшү, адабияттын рухий дуйнөбүзгө тийгизген таасири, жаш адабий инсандарды тарбиялоо, элдердин ортосундагы достукту чыңдоо, жаратылышты коргоо, тилибизди өнүктүрүү жана башка проблемалуу маселелерге кайрылган макалалары элибиздин маданий ой жүгүртүүсунө кошкон чоң салымы болуп калды.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ж.Мамытов атындагы адабият сыйлыгынын лауреаты К.Ташбаев 1969-жылы журналисттер союзунун, 1970-жылы жазуучулар союзунун мучөсү болгон.

К.Ташбаев 15-январда 83 жашка чыкмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×