Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Ош облусуАраван району 13.01.2018 10:40 На русском

Аравандагы милиция кызматкери өзүн жаман сезип турганда видео жана сүрөткө тартышкан, - ЖКККББ

Turmush -  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери өзүн жаман сезип турганда, аны адамдар видеотасмага жана сүрөткө тартышкан. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине 12-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин коомдук активисттердин бири аталган видеотасма менен сүрөттү өзүнүн социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялаган. Андан соң, Араван районунун Араван айылындагы тосмого жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын унаасы кирип кеткендигин жана рулда мас абалдагы кызматкер болгондугун, ошондой эле окуя учурунда ал ойгонбой уктап жаткандыгын жазган.

«Видеотасма интернетке жарыя болгондон кийин биз окуяны иликтей баштадык. Иликтөөдө маалым болгондой, 11-январда саат 23:00дө Араван районунда экипаж аталган кызматкердин кызматтык автоунаасын айып пул төлөөчү жайга алып келген. Ошол күнү туман болгондуктан экинчи башка кызматкер жанындагы кесиптеши үчүн барган учурда, анын өзүн жаман сезип жаткандыгын көргөн. Чындыгында инспектор кант диабети менен ооручу экен. Адаттагыдай токтоп турбаган кызматтык унаа башкалардын көңүлүн бурган. Мындан улам элдер аны видеотасмага жана сүрөткө тартып, интернетке жарыялашкан. Эч ким жардам берген эмес», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, кызматкер алкоголдук ичимдик ичпегенин жана маңзат колдонбогонун аныктоочу атайын текшерүүдөн өткөн, бирок ал соо абалда экендиги аныкталган. Азыркы учурда кызматкер ооруканада жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×