Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуТалас району 13.01.2018 10:40

Кылым карыткан жаш: Таластык 104 жаштагы Айымжан апа азыр да жамактап ыр жазат (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын 104 жаштагы тургуну Шабдалиева Айымжан апа азыр да жамактап ыр чыгарат. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Манас айылында чоңойгон.

«Жакшы окугандыгымдан акем «8-классты бүтүп мугалим болосуң» деп айтчу. 8-классты бүтүп мугалим да болдум. Жолдошум Шабдалиев Мейманаалы менен баш кошкон соң тоодо мал багып жашадык. Экөөбүз 9 уул, 1 кыздуу болдук. Ал учурда согуш учуру эле. Көп кыйынчылыкты көрдүк. Тылда эмгектендим. Балдарымды окутканга да жетиштим. Азыр келиндеримден, небере, чөбөрө, кыбыраларымдан ысык чай ичип жаткан убагым. Балдарымдын баары өз ордуларын таап, бактылуу өмүр сүрүп жатышат. Ар бир баламдын кесиби, үй-жайы бар. Ай сайын ар биринин сыйын көрүп келем. Учурда 10 балам, 45 ашык неберелерим, 40 ашык чөбөрөлөрүм, 6 кыбырам бар. Ден-соолугум чың, кулагым угат, көзүм көрөт, эч кимге көз каранды эмесмин. Жамактап ыр чыгарам», - деди ал.

Айымжан апа азыркы учурда кичүү уулу Кенжегул Шабдалиевдин колунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×