Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Видео, фото — Муздун алдынан улакты алып чыккан аксылык жигитке сыйлык берилди

Turmush -  Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда өткөн улак тартыш учурунда сууга түшүп кеткен улакты муздун алдынан алып чыккан Куттубек Ташыбековго сыйлык тапшырылды.

Куштарбек

32

Окуяга күбө болгон Мирбек Үмөталиевдин айтымында, улакты муздун алдынан алып чыккан улакчыга 1 кой берилди.

«Окуя 11-январда Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда болгон. Улак тартышкан улакчылар көлмөнүн үстүнө чейин барып, муз жарылганда сууга түшүп кетишкен. Аттар суудан чыгып, бирок улак суунун алдында калып калган. Ошол учурда улакты алып чыккан адамга 1 кой берилмей болду. Аксылык жигит Куттубек суунун муздагына карабай муздун алдындагы улакты алып чыкты. Айткандай эле ага 1 кой сыйлык берилди», - деди ал.

Ал учурда Куштарбектин саламаттыгы жакшы экендигин кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2429
Көп окулду
×