Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Жеңеке: 37 жаштагы Рахат кайнагасы менен болгон окуядан кийин көпкө чейин уялып жүргөн (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Токтогул районунун Саргата айылынын 37 жаштагы тургуну Сулайманова Рахат. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларынан аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, жолдошу үйлөнүүнүн алдында кыз издештирип, тааныштары аркылуу анын үйүнө ата-энеси менен барып колун сурашкан.

«Жолдошум Алтынбек Шамшиев 1975-жылы Токтогул районунун Саргата айылында төрөлгөн. Учурда фермерлик менен алектенет. Жолдошумдун эмгекчил жана сабырдуулугун жогору баалайм. Мен ага жардам берип, бирге оокат кылабыз. Уй саайбыз, май, курут жасайбыз. Кайненем менен өтө жакшы мамиледе болдум, ал дагы мени жакшы көрчү. Балдарымды урушуп койсом, таарынып эшикке отуруп алаар эле. "Балдарыңды урушсаң, мени урушкандай болосуң" деп айтып жүрдү. Тилекке каршы, кайненем менен кайнатам да өтүп кетти. Мен дагы кайненеме окшош кайнене болгум келет», - дейт ал.

Р.Сулайманова келин болуп келгенден кийинки кызык окуяларга туш болгон.

«Биз кемпир-чалдын колунда болгондуктан алардын айтканынан чыкчу эмеспиз. Эгер аяштар менен чогуу майрам уюштура турган болсок апам менен атам уктап калгандан кийин элдин эң артында барчубуз.

Бир жолу жолдошум сыналгы көрүп жаткан эле. Мен башка үйгө кирип келгиче ал эшикке чыгып кетип, ордуна кайнагам жатып алган экен. Мен байкабай эле жанына барып отуруп, бир нерселерди сүйлөп, оюмдагыларды айтып, сырларым менен бөлүшүп, андан кийин эшикке чыксам жолдошум эшикте жүрүптүр. Ошондо катуу уялып, кайнагамдын бетин карай албай, көпкө тартынгам. Жаңы турмушка чыкканда казанга нан жапканды билчү эмесмин. Үйрөнгүчө жолдошум нан бышырып жүрдү. Мен жанында отуруп, бирөө келе жатса мен бышырып жаткан болуп дароо колундагыны ала калчумун. Бара-бара нан жапканды дагы үйрөндүм.

Үй-бүлө курган соң бири-бирине жөлөк болуу абдан маанилүү. Эгер үй-бүлө курган эки адамда бири-бирин колдоо болсо, турмуштун сыноолорунан өтүү жеңил болот», - дейт Р.Сулайманова.

Ал жогорку окуу жайда билим албай калгандыктан келечекте балдарына татыктуу тарбия берип, жогорку билимдүү кылууну жана элдин керегине жараган балдарды тарбиялоону максат кылат. Жубайлардын 3 кыз, 1 уулу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 35208
Көп окулду
×