Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусу, Нарын 12.01.2018 13:06 На русском

Жердешинин унаасын уурдап качкан 22 жаштагы жигит Канттан кармалды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында 2018-жылдын 2-январында уурдалган «Хонда Цр-в» үлгүсүндөгү унаа табылып, шектүү колго түшүрүлдү. Бул кылмышка Таш-Башат айылынын 1995-жылы туулган тургуну шектелип, ал Чүй облусунун Кант шаарынан кармалган.

Нарын ШИИБдин маалыматы боюнча, жергиликтүү турган Б.Ж. саат 23:00 чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №112 оюн клубуна киргенде унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, милицияга жардам сурап кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кармалган жигит күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Подозреваемый в угоне автомобиля в Нарыне

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×